www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен.

 Кечээ Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Бакытжан Сагинтаев Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали менен жолугушту. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда биримдиктин Иран менен кызматташуу боюнча келишими талкууланды. Ага ылайык, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүргүзүүдө товарлардын 90 пайызына бажы алымы колдонулбайт.

Учурда уюмга мүчө өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат. Тараптар ошондой эле тармактык кызматташуунун келечегин, анын ичинде транспорт жана транзит маселелерин талкуулашты.

ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости