www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекеме төрөттөн 30-35 күн өтүп аялда депрессия болушу мүмкүн экендигин белгилеген.

 Саламаттык сактоо министрлиги көз жарган аялдар сакташы керек болгон эрежелерди тизмектеди. Адистер төрөттөн кийин аялга үйдө кам көрүлүшү зарыл экенин белгилеген. Жаңы көз жарган эне адегенде уйку менен тамактануунун тартибин сакташы кажет.

Мындай эрежелердин катарына төмөнкүлөр да кирет:

эмизүү эрежелери сакталышы керек;

дарыгер же медайым аялга келип кабар алышы зарыл;

дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат;

ден соолукка байкоо жүргүзүп туруңуз. Кан аралашкан суюктук көп келсе, дем кысылса, баш айланып жатса, алсыздык болсо, дене тап көтөрүлүп, эмчек ооруп же кызыса, заара чыгарууда кын ооруса, жагымсыз жыт чыкса, дене тырышса дароо дарыгерге кабар берүү эскертилет.

"Ар бир энеде төрөттөн кийинки депрессия болушу мүмкүн. Мындай абал көбүнчө көз жаргандан 30-35 күн өткөндө байкалат. Анда аялдардын маанайы бат-баттан өзгөрүп (тынчсыздануу, уйкусуздук, себепсиз кыжырдануу жана ыйлоо), баласына көңүл буруу төмөндөйт", — дешет дарыгерлер.

Адистер бул абалга түшкөн аял төмөнкү аракеттерди көрүшү зарылдыгын эскертти:

жакын адамыңызга абалыңыз, сезимдериңиз тууралуу айтыңыз;

үй-бүлө мүчөлөрүнөн баланы карашууга көмөк сураңыз;

дарыгерге кайрылыңыз.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости