www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕБ Кыргызстанды шайлоодогу кемчиликтерди жоюуга чакырды

Европа биримдиги Кыргызстандагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу атайын билдирүү таратты. Анда уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоо партиялар арасындагы атаандаштык шартында өткөнүн белгилеген. Аялдарга каралган 30% квотаны оң жылыш катары баалаган.

Шаркет ошондой эле көз карандысыз байкоочулардын шайлоодо добуш сатып алуу, добуш берүүнүн купуялуулугунун бузулушу өндүү мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрүнө көңүл бурган.

Мындан улам Евробиримдик кыргыз бийлигин мындай мүчүлүштүктөрдү шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү аркылуу жоюуга чакырган.

Еврошаркет андан сырткары Венеция комиссиясы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору тууралуу корутундусун эске алуу зарылдыгын белгилеген. Ал корутундуда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолору, тең салмактуулук бузулары айтылган.

Уюм Кыргызстандагы реформаларга жана көйгөйлөрүн чечүүдө мындан ары дагы колдоо көрсөтө берерин билдирген.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, добуш берүүгө катышкан 37,4% шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Айрым эксперттер жарандар өздөрү түшүнбөй эле добуш берип коюшканын айтса, башкалары жетиштүү маалымат берилгенин, кыргызстандыктар өз тандоосун жасашканын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) маалыматына 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга 200дөй эл аралык байкоочу көз салды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости