www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурунку өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде  NazarNews маалымат агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-апрелдеги токтомдун негизинде 24-майга чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кармалган.

Маалым болгондой, мыйзамсыз ээ болгон акчаны Д.К. парламенттик шайлоо алдындагы иштерге, тактап айтканда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шайлоочулардын көбүрөөк добушуна ишенимдүү түрдө ээ болуу үчүн жумшаган.

Буга байланыштуу 24-ноябрда Д.К. Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгүнүн негизинде кармалып, УКМКнын абагына камакка алынган.

Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары «Биримдик» партиясы менен катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости