www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте декларацияланбаган товарларды кармашты. Бул тууралуу Бажкы кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, “Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Аламүдүн” темир жол станциясынын аймагында Түштүк Кореядан М.Б.А., аттуу жарандын дарегине келген товарларга карата бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө бажыдан декларацияланбаган товарлар аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын ала суммасы 300 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости