www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң чоң коёнду уурдап кетишти

Улуу Британияда Дариус аттуу каймана ат менен белгилүү болгон дүйнөдөгү эң чоң коёнду уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын ээси коёнду кайтарып бергендерге 1000 фунт (1 миң 300 доллардан ашык) сыйлык сунуш кылган.

Дариус дүйнөдөгү эң чоң коён катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Анын денесинин узундугу 129 сантиметрге жетет.

Басылмалардын билдиргенине караганда, коён ээлери менен Англиянын Вустершир аймагында жашачу. Полициянын айтымында, ал жекшемби күнү кечинде короодон уурдалган. Коёндун ээси Аннет Эдвардс уурдагандардан үй жаныбарын кайтарып берүүнү суранып, сыйлык сунуш кылган. Ал ошондой эле коён тукум улай албай калгандыгын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости