www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Өмүрбек Текебаевди актады

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Дүйшөнкул Чотонов менен кошо орусиялык ишкер Леонид Маевскийден миллион доллар алды деп айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин карады.

Сот залында мамлекеттик айыптоочулар айыптоону колдоодон баш тартып жатышканын билдиришти. Буга байланыштуу сот ишти жаап, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду актады.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком» иши» боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган.

Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости