www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕБ орусиялык бир нече жетекчиге санкция киргизет

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери орусиялык оппозициячы саясаты Алексей Навальныйдын камакка алынышына жооп катары айрым орус аткаминерлерине санкция салууну макулдашты. Брюсселде чогулган 27 өлкөнүн башкы дипломаттары жабык эшик артында Кремлге жакын жетекчилерге карата санкция салуу маселесин карагандыгы белгилүү болду.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас жыйындан соң Берлинде сүйлөп жатып, “конкреттүү адамдарга” чектөөлөрдү киргизүү макулдашылганын ачыкка чыгарды.

Бир нече маалымат агенттиктери сүйлөшүүгө катышкан дипломаттардын айтканына таянып, Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов, башкы прокурор Игорь Краснов жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашниковго санкция салынышы мүмкүн экенин жазып чыкты. Бирок бул маалыматтар расмий ырастала элек.

Европа өлкөлөрү Навальныйга карата саясий куугунтук жүрүп жатат деп эсептейт. Эми чектөөгө кабылган жетекчилердин Европадагы банктык эсептери камакка алынып, визалык чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Жыйындын алдында Алексей Навальныйдын үзөңгүлөштөрү Леонид Волков жана Иван Жданов ЕБдин министрлери менен видеоконференция аркылуу байланышкан учурда аларды орус президенти Владимир Путиндин айланасындагыларга санкция салууга чакырды.

20-февралда Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды абакка кесүү боюнча буга чейин чыккан чечимди күчүндө калтырды. Райондук сот койгон мөөнөт 3 айга кыскартылып, Навальныйга 3,5 жылдык жалпы абак жазасы берилмек болду. Ошол эле күнү Навальный 94 жаштагы согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып боюнча башка бир жарандык сотто күнөөлүү деп табылып, ири көлөмдөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Эки сот жүрүмү тең бийликтердин саясий мүдөөсүнө ылайык өткөнүн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар белгилеп келишет. Алексей Навальный 2020-жылы августта Омск шаарында ууландырылган. Ал өзүн орусиялык коопсуздук кызматкерлери ууланткан деп санайт.

Ал өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен Москвадагы аба майданында камакка алынган.

Андан бери Орусиядагы ондогон шаарларда саясатчы Навальныйды бошотуу талабы менен нааразылык жыйындары өтүп, алардын жүрүшүндө миңдеген кишилер кармалган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости