www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Киевдеги сапары учурунда билдирди.

Мишель Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Украин лидеринин айтымында, алар Орусияга каршы санкцияларды, мындан тышкары ЕБнын Киевге көрсөтүп жаткан жардамдарын талкуулашты.

Зеленский Украинанын Евробиримдикке кошулуу маселеси да талкууланганын билдирди. Жакында Киев альянска кирүү үчүн анкета толтуруп, аны Брюсселге тапшырган.

Мишель жакында эле орус аскерлери чыгып кеткен Киевдин түндүк-батышындагы Бородянка шаарчасына да барды. Украина орус аскерлерин жай тургундарга кыйноо көрсөтүүгө айыптоодо.

Еврокеңештин башчысы Бородянканы көрүп чыккандан кийин “Твиттерге”: “Тарых бул жерде болгон аскердик кылмыштарды унутпайт. Адилеттүүлүк орнобосо, тынчтык болбойт”, — деп жазды.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. БУУнун маалыматы боюнча бул убакыт аралыгында эки миңден ашуун киши өлдү, алардын арасында балдар да бар. Курмандыктардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Беш миллиондон ашуун киши качкынга айланды. Өлкө ичинде жер которгондордун саны жети миллиондон көп.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости