www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын курал-жарагы жөнөкөйлүгү, жеткиликтүүлүгү жана мыктылыгы боюнча Батыштыкынан алда канча жогору турат. Мындай пикирин Индия армиясынын отставкадагы генерал-майору, аскер маселелери боюнча серепчи П.К. Сехгал РИА Новости агенттигине билдирди.

"Биздин аскерлер россиялык курал системасына көнүп калган. Алар Батыш өлкөлөрүндө жасалган эквиваленттен алда канча арзан. Россиянын курал-жарагы бир топ ишенимдүү жана акырына чейин иштен чыкпайт. Батыштын куралы өтө татаал жана көпчүлүк учурда иштебей коюшу мүмкүн. Андыктан Индия акыркы 60 жылдан бери жалаң Россиянын куралын пайдаланып жүрөт", — деди ал.

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматы боюнча, 2017-жылдан 2021-жылга чейин Индия коргонууга кеткен бюджетинин дээрлик жарымын Россиядан курал-жарак сатып алууга жумшаган.

Индия сатып алган эң көрүнүктүү жана кымбат курал — С-400 зениттик-ракеталык комплекси. Аларды жеткирүү боюнча келишимге 2018-жылдын октябрында кол коюлган. Буга Дели 5,43 миллиард доллар сарптай турганы айтылган. Мындан соң Индия бул комплексти сатып алган Кытай менен Түркиядан кийинки үчүнчү ири кардар болуп калган.

Россия технологиясы менен катар Нью-Делинин Франциядан, АКШдан жана Израилден келген курал-жарагы бар. Франция жакында эле Индияга 32 Dassault Rafale реактивдүү истребителдерин, 15 Mirage согуштук учагын жана үч Scorpene суу астында жүрүүчү кемесин жеткирди. Ал эми Индия менен АКШнын ортосундагы коргонуу жаатындагы сооданын көлөмү 2019-жылга карата 6,2 миллиард долларды түздү. Сатып алынгандардын арасында MQ-9A Reaper учкучсуз учактары, P8-I Poseidon узак аралыкка учуучу деңиз патрулдук учактары жана Sikorsky MH-60R көп функциялуу тик учактары бар.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди курал-жарактарды импорттоодогу негизги көйгөй алардын аскерлердин колуна тийгенге чейин эле эскирип кетип жатканын айткан. Ал бул маселени чечиш үчүн куралды Индиянын өзүндө өндүрүү керек экенин кошумчалаган.

Последние новости