www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулар бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, курсактын чыгып калуусунун себебин жана аны кетирүүнүн ыкмасын табышты. Ошону менен 10 грамм эриген клетчатка (була) жесе, беш жыл ичинде ички органдагы майды 3,7 пайызга азайтат.
Эриген була сулуу, арпа, жаңгак, дандар, буурчак тукумундагылар, кээ бир жер-жемиштер менен мөмө-жемиштерде кездешет. Бүтүн дан өсүмдүктөрдүн аркасында адам тез тоëт.
Тактап айтканда, табитин тыюуга мүмкүндүк берет. Байытылбаган майды пайдалануу (зайтун майы, авокадо жана жангактын кээ бир түрүндө кездешет) курсактагы майды азайтууга пайдасын тийгизет. Сары май, эт менен тоок этинде кездешкен майды жебегенге аракет кылыңыз.
Мындан сырткары, изилдөөчүлөр жеген тамактын өлчөмүн азайтууга кеңеш беришет. Мурунку изилдѳѳ натыйжалары боюнча карындагы майды кетирүүгө төмөнкү калориялуу диета жакшы жардам берет. Бирок ички организмдеги майдан арылуу үчүн физикалык машыгууларга да көңүл бөлүү керек.
Булак: Азия News гезити