www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов “гыгы”, “гыгы”, “гыгы”...

Учурдагы бийлик социалдык тармактарда активдүү. Алардын катарын Эдил Байсалов толуктап турат. 

Эдил Байсаловдун “Мен барын түшүнөм. Бирок оппозиция деп бул досторубузду атоо туура эмес, кымбаттуу Kyrgyz Azattyk Unalgysy. Равшан Бабыр уулу эки жарым миң добуш алган президенттик шайлоодо. 0.19%! Клара айымдыкы дурусраак. 1% - 14 миң добуш. Анан кайдагы оппозиция боло алышмак эле. Активист дегилечи сураныч. Ошол туура болот! Калгандарын айтпай эле коеюн. Уят эле бирок. Саясатчы менен артист сезиш керек сахнадан качан түшүштү...

Эптеп эле чырлап, кыпчылып, өрдөк жокто чулдук бий болуу аракети. Оппозиция болот, азыр деле бар. Бирок бул активисттер эмес. Бузуку деп айтпайын. Бирок Кумтөрдү 100% Элибизге кайтарылышына БУУ баш болуп, дүйнөлүк коомчулук суктанып, алкыш айтып атышса, куттуктап, булар тескери каршы чыгып аткандары бузукулук эмей эмне?” – деген пикири талкууга алынды.

Айрым пикирлерди өзгөртүүсүз ортого салабыз:

Ясир Капаров: Президент баш болуп, Акылбек Жапаров төш болуп өкмөт мүчөлөрү Фейсбукта эле блогер болуп олтурат экенсиңер да э актанып коюп...

Байэл Асанбеков: Казылган, оюлган жерди, министрлер кабинети күрөк менен толтурасыңарбы? Цианит менен мөңгүлөрдү мүшөктөп ташыйсыңарбы? 26 % акцияны чөнтөгүңөрдөн төлөйсүңөрбү? Дагы канча мөңгү талкалайсыңар?

Эдил Байсалов: Байэл Асанбек ошо да! “Кыргыздын колунан келбейт” деп жүргөндөрдөнсүңөр. Мына, чечтик, соттошпой уттук. Калганын да кыйратабыз. Күчүбүзгө, акылыбызга, элибизге ишенип, таянабыз…

Байэл Асанбеков: Эдил Байсалов Кыргыздын колунун келет. Бирок сиздердин колуңуздардан келбейт көп нерсе. Кум төрдү талкалагандарды кое бердиңиздер. Сүйүнгөн бойдон кетишти. Эми кийинки мууга тозокту таштайбызбы?

Erlan Bekchoroevich: -Кумтөр боюнча келишимди качан чыгарасыңар? 39-протокол боюнча расмий маалымат качан берилет?

Канышай Мамыркулова: -Ката толтура экен..

Эдил Байсалов: -гыгы

Ясир Капаров: -Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов сыяктуу өзүңүзгө окшош болгерлерди кайсы экскаватор менен казып таап алдыңыз? Баткен эл тоодо уктап качып жүрсө, силер Фейсбукта жыргап бириңдин артыңдан бириң пост жазып олтурасыңар, жетимдер.

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Социалдык фондго акча төкпөгөн жаранга мамлекет бир тыйын дагы карыз эместигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости