www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Орусиянын аймактарында жайгашкан объектерге диверсия жасоого аракет болсо, анда Украинанын чечимдерди кабыл алуучу борборлоруна жана Киевге оор сокку урулаарын, Орусия коркутуу менен билдире баштады. РФнын коргоо министрлигинин атайын өкүлү Игорь Конашенковдун билдирүүсүндө, Орусиянын аймактарында Украиналык аскерлери диверсия жасоого аракет кылып жатышат. Эгер мындай учурлар кайталана берсе, Орусиянын аскерлери буга чейин токтотулуп турган чабуулду жандатып, Киев шаарындагы чечим кабыл алуучу борборлорго катуу сокку урушат.

Буга чейин апрель айынын башында Украинанын эки аскердик тик учагы Орусиянын Белгород шаарынын четиндеги мунай сакталуучу базасын өрттөшкөн. Ал эми кечээ күнү Украинанын аймагынан, Курск облусу чек ара бекетине ок атуулар болуп, мындан жапа чегүүлөр болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости