www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен маек.
- Эдил мыра, отпуске жокпу?
- Буюрса дейли. Жапаровдор менен иштөө мен үчүн абдан кызык жана өтө татаал болуп жатат. Мейли Садыр Нургожоевич менен болсун, же Акылбек Үсөнбековичти алалы...
Негизи, өзүм эркин жүрүп көнүп калган адаммын да. Кааласам Англияга учуп кетем, кайра келем дегендей. Анан Акылбек Үсөнбековичтен “отпускага барып келейин” десем, а киши “сенсиз бир күн жашайбыз, мейли эки күн жашайлы, а сен беш күнгө кетсең, элдер “Байсалову жок эле жашообуз өтө берет турбайбы” дейт. Ошон үчүн сен креслодо тикчийип отурушуң керек!” деди. А мен эч качан кресло үчүн жанталашкан киши эмесмин...
- Бирок, кайсы бийлик келбесин креслодосуң да?
- Ооба, элдин баары эле мени “Күн тийген жердин күкүгү”, “жеткен кошоматчы” дешип, сиз айтканды айтып жүргөндөрүн угуп калам. Мен эми бул сөз үчүн терикпейм. Бирок адамда өсүү, өзгөрүү болуп турат...
Булак: Азия News гезити