www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракчылыктан шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-июлда полицияга АКШнын жараны кайрылган. Түнкүсүн Бишкектин Лев Толстой жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде бир топ адам күч колдонуп, анын капчыгын тартып кеткен. Капчыкта 7 миң сом, банк картасы жана бриллиант ташы бар күмүш чынжыр болгон. Келтирилген чыгым 110 миң сом деп бааланууда.
Бул факт Ленин РИИБинин журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган К.К., 1999-жылы туулган Ж.Ш., 1999-жылы туулган К.А., жана И.А. 1995-жылы туулган жарандар кармалышты. Алар Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (555) 102-149, 0 ( телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. 502) 149 -149, 0 (702) 494-730, 0 (500) 002-202 жана 102 номурларына кайрылуусун суранат.