www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсаловдун ордуна Жусупов Улан келди

Эдил Байсалов Улуу Британиядагы элчиликке жеткен. Ал минкабдын төрагасынын орунбасары болгондон бери орду бош турган, жаңы жарлык менен ордуна Жусупов Улан келди. Отуз жылдан бери саясаттын казанында кайнаган Өмүрбек Текебаев Германияга мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ордун кучактаса да азыркы бийликке кантип ор казам деп тыбырчылап жүрөт. Эң оор да, эң кооптуу да тармак Орусия, АКШ, Кытай андан соң Түштүк Корея. Түштүк Кореяга жаш болсо да эл көзүнө көрүнүп бараткан, мурунку депутат жана да мурунку өкмөттүн вице-премьер министри Аида Исмаилова дайындалган. Мурунку өкмөт башчысы Улукбек Марипов Сауд Аравиясына элчи болуп кеткен. Көп жылдардан бери балкаймак, майкаймакта жүргөн Жусупбек Шарипов элчилик кызматынан ажыраган. Элчилердин айлыгы бир мектептин мугалимдерин чогултуп келгендеги бир айлыгына тете. АКШ жана Канададагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи экс-президент Роза Отунбаеванын иниси 2020-жылы айлык маяна түрүндө  3 432 793,7  сом алган жана айлык акыларынын деңгээли боюнча элчилердин жана консулдардын сап тизмесинде биринчи орунду ээлейт. Андан тышкары ага тиешелүү      Toyota Land Cruiser, 2018-жылы чыккан, V-4.7  Үй — 160 кв.м.

2. Бактыгулова Канайым -Кытайдагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  3 208 228 сом айлыгы,  22 202 сом - дивиденддер ААК (ишенимдүү башкарууга берилген) 2 батир — 113 кв.м. жана 31 кв.м.

3. Гулнара Клара Самат (экс БШК төрайымы) (Орусия, Армения)  2 389 869  сом айлыгы.

4. Украина, Болгария, Румыния   2 265 961 сом айлыгы,  батир (50% үлүш) — 71 кв.м.

5. Жунусов Ибрагим (Өзбекстан)  экс-вице-премьер, 2 223 000   2 939 000 сом (жарандык -укуктук бүтүмдөрдөн кирешелер)   Mercedes Е-320, 1999-жылы чыккан  батир — 68 кв.м.

6. Аида Исмаилова- экс-вице-премьер, Түштүк Кореядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  2 198 344 сом айлыгы,  Үй — 110 кв.м.

7. Өмүрбек Текебаев -Германия, Дания, Норвегия, Швеция, Сан-Марино, Ватикандагы  өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи   1 805 760  сом айлыгы, Subaru Tribeca, 2006-жылы чыккан, V-3000    2 үй - 209,6 кв.м. жана 231,5 кв.м.

8. Жусупов Улан -Улуу Британия, Түндүк Ирландиядагы  өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 732 500 сом айлыгы,  батир — 71 кв.м. гараж — 17,2 кв.м. Мурунку элчи Эдил Байсалов вице-премьерди алган.

9. Кубанычбек Өмүралиев - Түркиядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 611 487,38 сом айлыгы.

10. Ибраимов Эрмек Султанович (Беларус, КМШ), экс-премьердин уулу,  1 479 097,23     2 135 977,60 сом (башка булактардан кирешелер)   Үйдүн бөлүгү — 320 кв.м.   батир — 82 кв.м.

11. Дастан Дуйшекеев - Казакстандагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  1 330 388,08 сом айлыгы, Lexus RX-330, 2004-жылы чыккан, V-3311  батир — 100,6 кв.м.

12. Улукбек Марипов- Сауд Аравиясы, Катар, Кувейттеги өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 323 826 сом айлыгы, жер тилкеси — 5 сотый  батир — 153 кв.м. кампа — 6,5 кв.м. гараж — 22 кв.м.

13. Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич,экс мамлекеттик катчынын уулу,  977 882,5  сом айлыгы, Акционердик коом (ишенимдүү башкарууга берилген) — 12%  батир — 80 кв.м.  үй — 200 кв.м. көп жылдык өсүмдүктөр — 500 кв.м.

Өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчилердин мыктылары эле ушулар, дагы бир топ элчилер бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости