www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирибиз Батыштын, экинчибиз Россиянын таламын талашсак да, сылыктык, маданияттуулук чектеринен чыкпай талашсак болбойбу? Мындай пикирин журналист Мырзакат Тыналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Акыркы кездеги ФБдагы кыргыздардын бири-бирин шыбаганын ("орускул", "батышкул", "арапкул", "теңирчи" ж.б.), айкырып бири-бирин кемсинткендерин (арасында өздөрүн акылдуу санагандар көп) көрүп, кыргызда жалаң кул тукуму калганбы деген ой келди...

Адамдык тажрыйба көрсөткөндөй, жакшынын тукуму маданияттуу, парасаттуу инсан катары экинчи бирөөнү "кул" дебейт.

Кулдун тукуму гана экинчи бирөөнүн тегин тактабай туруп "кул" дейт.

Анткени, анда "өксүк комплекси" ("комплекс неполноценности") бар. Ошондуктан бүгүн тилинен чыгарып алуу үчүн оппоненттин "кул", "күң" сыяктуу сөздөр менен кемсинтип сүйлөйт.

Элибизде "Байды - кул десе, күлкүсү келет, кулду - кул десе, өлгүсү келет" деген макал бар эмеспи. Мага да айрымдар пикириме каршы пикир айтпастан, ошентип керт башыма асылганда күлүп эле коём.

Анткени, тарбия көргөн, акылдуу, маданияттуу адам эч качан андайга жол бербейт.

Эми суроо: Биз бир улут катары бири-бирибизди сыйлаган, урматтаган, колдогон адамдар болбой калдыкпы?

Бирибиз Батыштын, экинчибиз Россиянын таламын талашсак да, сылыктык, маданияттуулук чектеринен чыкпай талашсак болбойбу?

Анткени, эгер эртең элибизде бир кыйынчылык же оорчулук болсо, анда "орускул" менен "батышкул", "теңирчи" же "арапкул" бири-бирибизге жардамга келебиз го.

Же анда да "орускулга" орус жардам берсин", "батышкулга" батыш жардам берсин" деп ич ара "согуша" беребизби?", - деп белгилеген ал.

Эске салсак, акыркы учурда ырчы Гүлнур Асанова коомчулукка ар кандай диний көз караштагы терс маалыматтарды айтып, элди дүрбөлөңгө салууда. Анын айтымында, кыргызда эки бир туугандын балдары үйлөнсө болот. Эл арасында бул тууралуу ар кандай эки анжы пикирлер айтылып, талаш-тартышты жаратууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости