www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакында кызматтан алынышы мүмкүн болуп турат. Себеби, «Кылым кыйшайбайт» деген Байсаловдун башына кара булут кѳптѳн бери айланып жатат. Тѳбѳсүнѳ чагылган түшѳ турган учур жакындап калды.

Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаттары Байсаловду ар дайым сынга алып, кызматтан кетирүү маселесин кабыргасынан коё башташты. Маселен, буга чейин “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун кызматтан алынышын колдогон.

Мына бүгүн дагы, 16-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Шайлообек Атазов Эдил Байсаловдун кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени кароону демилгеледи. 

Фракция лидери Бакыт Сыдыков жыйынга Эдил Байсалов келбей койгонун айтып, «Биз чара көрөбүз», - деп белгиледи.

Айтмакчы, эми чындап Байсаловдун «үзѳңгүдѳн буту тайып, ээрден кѳчүгү кылтайып», кызматтан алынса, аны «Олуя» атагандардын абалы кантээр экен? Деми сууп, жооруган тилине убал болот го...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости