www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келип кеткенден бери Түркия менен Кыргызстандын алакасы талкууланып, “Сапат” мектептери жабылсынбы же жабылбасынбы? деген талаш-тартыш күчөп туру. Сапаттын жемин жеген, АКШнын камчысын чапкан кээ бир саясатчылар маселени эгемендүүлүкө такап, “Сапат” жабылса эгемендүү болбой калабыз деп чуу көтөрүүдө. Аларга жолдой турган суроолорубуз көп:
Эми Түркия жөнүндө азыраак айтып өтөлү.
Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи болуп тааныган өлкө. ММКлар 21-кылымда чоң курал болуп турган чакта эмнегедир Кыргызстанда өзүнүн массалык маалымат каражатын ачкан жок. Кыргызстандагы айрым чоң басылмалар АКШ менен Орусиянын Кыргызстандагы кызыкчылыгын ачык эле колдоп, жергиликтүү деңгээлде коргоп жатканда, Биринчи радионун толкунун колдонгон ТРТнын Кыргызстандагы саясат жөнүндө ооз ачпашы эгемендүүлүккө шек келтирип жатабы?
АКШ жана Орусия өздөрүнүн “көмөчүнө күл тарткан” коомдук уюмдарга, саясатчыларга жана саясий партияларга ээ болсо, эмне үчүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө таасир этүүдө делген Түркиянын Кыгызстанда саясий партиясы же саясатчысы жок?
Славян университетин орусчулдар, Америка университеттин батышчылдар ээлеп жатканда, Манас университетинен кыргыз улутчулдарынын чыгуусу эгемендүүлүккө залакасын тийгизеби?
Кыргыз-Түрк достугу үчүн деп оорукана салганда, Тарых музейин оңдогондо, Орто Азиядагы эң кооз мечитти бергенде, элүү миллион карызыбызды кечкенде эгемендүүлүккө шек келтире турган бир нерсе сурадыбы Түркия?
Кыскасы Түркия орток тарыхыбызды, тилибизди, динибизди колдонуп “большой брат” болгонго аракет кылса болмок да. Кылбайт, себеби империалисттик мүдөөгө ээ эмес жана кыргыз эли менен түрк элинин достугун бузгусу келбейт. Ал эми биздин айрым саясатчылар жана кээ бир молдолор Гүленчилерге кыргыз-түрк достугун арзан баада сатып жиберишти.
Фетхуллах Гүленди колдонуп Батыштын атайын кызматтары түптөгөн ФЕТО Кыргызстанда Эрдоганга жанан анын бийлигине коркунуч туудуруп жатабы? Албетте коркунуч туудурган жок. Эрдоганды түрк элинин көпчүлүгү колдойт жана ал дагы узак мөөнөткө шайланып алды. Андыктан эгемендүүлүк деп жар салган саясатчылар жана бийлик жетекчилери ФЕТО Түркиянын эгемендүүлүгүнө кандай таасир этти жана Кыргызстанга кандай таасир этүүдө деп ойлонсо боло. Бакылдаган саясатчылар билим берүү тармагын монополиялаштырган, ак сөөктөр үчүн кызмат кылган, бизнес чөйрөсүн менчиктештирген, ислам өлкөөрүнө же түрк дүйнөсүнө эмес, Батышка ыктаган ФЕТО Кыргызстанга эмне пайда алып келүүдө деп акыл калчашы керек го.
Сөзүбүздүн аягында жалгыз эле ФЕТОго көз каранды саясатчыларды эмес, калайык калкты да төмөндөгү суроого жооп издөөгө үндөйбүз: Эмне үчүн кечээ эле Түркияда үлгүлүү патриот катары көрүнгөн гүленчилер бүгүн түрк элине каршы иш кылып, түрк элинин жарымын “оорулуу” деп жатышат? Гүленчилердин “Саресеп” борбору мындай деген маалымат таратууда: “КРдин мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин “психиатрга көрүнсүн” деген сөзү Эрдоган менен аткаминерлери гана эмес, түрк калкынын жарымына коюлган диагноз десек ашыкча болбос.”
Бул сөз албетте, динди жамынып саясат менен алек болгон, кайрымдуулуктун акчасына ак сөөктөрдү тарбиялаган, патриотизм деп элди төбөдөн караган “алтын муунду” даярдаган гуленизмден кабар берет. Гуленизм - эркиндиктин баркын билбеген, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашырган бир курам.
Булак: NazarNews.kg