www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш ишкерлерди колдоого насыя

Жаш ишкерлерди колдоо максатында “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору томон пайыздагы насыя берүү иштерин жүргүзө баштады. Насыялоо иштери жергиликтүү банктардын бири менен кызматташуу алкагында жүрүп, ал үчүн банк 10 миллион сом бөлүүгө даяр. Насыяны төлөө мөөнөтү 10 жылга созулуп, жаш ишкерлерден түшкөн мыкты иш долбоорлору каржыланмакчы.

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долдоорунун жетекчиси Чынгыз Макешовдун айтымында, долбоордун жеке мүмкүнчүлүгү артында  2016-жылдан бери 28 иш долбоорун колдоп, жалпысынан 20 миллион сомду ишин жаңы баштаган жаш ишкерлерге насыя катары бөлүп берген.

Эми банк системи менен кызматташуу алкагында насыялоо иштери мындан дагы жогорку денгээлде өтөөрүнө үмүттөр чоң экендигин долбоор жетекчиси белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости