www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште КР Премьер-министри тарабынан өкмөт мүчөлүгүнө дайындоого сунуш кылынган талапкерлер талкууланып жатканда, депутаттар каралып жаткан кызмат орундары аткаруу бийлигинин өтө маанилүү тармактары экенин белгилөө менен бирге, аларды жаӊы кызматтык иш-милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасап, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, калктын калыӊ катмарынын кызыкчылыгын коргоп, алардын турмушун жакшыртууга өз салымдарын кошууга чакырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта атайын жумушчу топ түзүлүп, Өкмөттүн жана анын аппаратынын жаӊы ийкемдүү түзүмүнүн долбоору иштелип жатканын, ал аяктагандан кийин парламенттин кароосуна киргизиле турганын билдирди. Кайра түзүмдөштүрүү алкагында айрым мамлекеттик органдар бириктирилип, ал эми айрым бир ирилештирилген органдар өзүнчө тармактарга ажыратылышы мүмкүн. Ал долбоор иштин жүрүшүнө жараша аяктайт», - деди ал деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости