www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттин курорттук Хургада шаарындагы мейманканада 40ка жакын орусиялык турист ууланды. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм палаталарынын федерациясына шилтеме берүү менен ТАСС билдирди.

Белгиленгендей, жабыркагандардын бардыгында дене табы, кусуу жана ич өткөк байкалган. Бардык туристтер башка мейманканаларга жайгаштырылат.

«40 бейтаптын 36сы дарыланып жатат. Ал белгилегендей, бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык жана туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок», - деди мекеменин басма сөз катчысы.

Учурда уулануу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, AMC Royal мейманканасы 48 саатка жабылды.

Последние новости