www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда прокуратура "Цефтриаксон" дарысын сайгандан кийин Ташкенге жакын жайгашкан Ангрен шаарында каза болгон 11 жаштагы кыз боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө. Бул боюнча өлкөнүн массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул окуя боюнча Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы комментарий берди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 11 жаштагы Г.Р. ушул жылдын 20-октябрында каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала маалыматы боюнча, өлүмгө жүрөктүн эпикардында майда тамчы түрүндөгү кан агуулар, мээнин жана өпкөнүн шишиги, ички органдардын суусузданышы, анафилактикалык шок, жүрөккө келген кандын жетишсиздиги, дем алуу жолдорунун сезгениши, трахеит, бронхит, эки тараптуу пневмония жана гастроэнтероколит алып келген.

Учурда бул факт боюнча Ангрен шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости