www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Досалы Эсеналналиев кандуу режимге кызмат кылып, президенттин администрациясында орун басар катары иштеген. Бирок 2010-жылдын 7-апрелине саналуу айлар калганда «куйругун түйүп» кеткен эле. Мынчалык түлкү болобу?

Курманбек Бакиевди аңга түрткөндөрдүн катарына Досалы мырзаны жөн жерден кошуп келишпесе керек. Төңкөрүштөн соң жаңы бийлик келгени жазасын албай, тескерисинче, улам бир партияга пиар менеджер катары иштеп, ирденип жүрдү.

Кийин Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысы катары илинип, чечкинсиз, мажирөө сапаттары менен мамлекетти артка тартып, акыры алдыны көрө албай, жарга такалды.

Ошентип, Сокени да Ак үйдүн 7-кабатынан кубалатып тынды. Эки президенттин түбүнө жетиптирби?

Эмне үчүн Досалы Эсеналиевди люстрациядан өткөрүшпөйт? Дал ушундай чиновниктердин айынан мамлекетибиз артка кетсе, баа бербей отура беребизби? Акыл калчай турган кез келди.

Булак: Азия News гезити

Последние новости