Жооптуу кызматта ийгилик каалайм! Мишустин Акылбек Жапаровду куттуктады
Саясат  |   |  646

Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал Орусия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турарын айткан.

"Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", — деген Мишустин.

Орусия өкмөтүнүн төрагасы Жапаровго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматта ийгиликтерди каалаган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями