Эки кыргызстандык чет өлкөдө ири террордук чабуулдун уюштуруучуларын каржылаган деп шектелүүдө
Кылмыш жана кырсык  |   |  1276

УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынан турган террористтик ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын жарандары 1988-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.М. кармалды. Алар чет өлкөдө 39 адамдын өмүрүн алган теракт уюштурууга тиешеси бар адамдарды каржылоого шектелүүдө.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями