www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мандаттуу округдан, Ленин районунан Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Буга чейин Бишкек шаардык кенешинде төрага катары көзгө көрүнгөн.

Атасы Болот Абиров Казакстандан ТЭЦке көмүр ташууда ортомчулук кылып, миллиондорду өөнөп келгенби? Бул жагынан ЖМКларда төбө чачты тик тургузгандай кабарлар тарап, ызы-чууга айланганы эсиңердеби?

Азыр Болот Абиров кайда? Качып кеткенби? Эл ырыскысын жебесе, баары ачык-айкын болсо үн катпайт беле?

Айтор, суроолорго жооп жок. Дал ошол шектүү байлыктарга Жаныбек Абиров ээлик кылып, каражаттан каржалбай эле Ленин районунан утуп чыгууга бараткандай. Ириде шайлоого чача турган акчанын кайдан келгенин айтып, отчёт берип, андан соң саясатка аралашса жарашмак.

Мүдөмүк тарта берсе, аягы жаңжал менен бүтпөйбү? Алдыда дагы бир топ былыктар чыкчудай...

Булак: Азия News гезити

Последние новости