www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Сот Сокулук районунда эки жашар Егорду сабоого айыпталган Александр Самаркиндин адвокаттарынын арызын карады.

Соттук коллегия жактоочулардын арызын карап, эки төмөнкү инстанциянын өкүмүн жокко чыгарууну жана Самаркинге эки жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү өкүмүн, башкача айтканда, камактан бошотууну чечти.

Белгилей кетсек, буга чейин Сокулук райондук соту судья Манасбек Кулмурзаевдин төрагалыгы алдында соттолуучу Александр Самаркинди КР Кылмыш-жаза кодексинин “кыйноо” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы Самаркиндин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз – беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эске сала кетсек, эки жаштагы Егор катуу сабалган. Баланы ооруканадан чоң энеси алып кеткен. Бул иш боюнча айыпталуучу катары Александр Самаркин болгон. Егордун апасы Алена Чумакова соттолуучуну колдоп көрсөтмө берип, кийин Самаркинден корккондуктан ушундай кадамга барганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости