www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору маймыл чечек деп аталган mpox оорусунун чыгышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

Бул тууралуу Reuters агенттиги уюмдун башкы директору Жан Касеяга таянуу менен билдирди.

Азыр оору Африканын 18 өлкөсүндө катталды: жыл башынан бери 15 миңден ашуун учур катталып, 461 адам каза болду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 160%га көп. Маймыл чечек менен ооругандардын 90%дан ашыгы Конго Демократиялык Республикасына туура келет.

Касея кээ бир африкалык өлкөлөр - Бурунди, Кения, Руанда жана Уганда - биринчи жолу mpox инфекциясы жөнүндө кабарлашканын айты: "Бул оорунун жайылышын болтурбоо үчүн жамааттык жана биргелешкен мамиле зарыл", - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, Африкага ооруну көзөмөлдөө үчүн 10 миллион вакцина керек, ал эми учурда 200,000 гана вакцина бар.

2022-жылдын июль айында ДСУ mpox эпидемиясын глобалдык өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Ал убакта болжол менен 70 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталган. Африкадан башка жерде mpox инфекциясынын учурлары биринчи жолу дээрлик бир жыл мурун катталган. Орусияда мындай эки учур тастыкталган. 10 айдан кийин ДСУ кырдаал көзөмөлгө алынганын жана өзгөчө кырдаалды токтотконун жарыялаган. Жаңы эпидемия вирустун жаңы штаммынын натыйжасы болушу мүмкүн.

Маймыл чечегинин белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп, алы кетиши мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Последние новости