www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-май күнү саат 12:38де Нарын облусунда болжол менен 5 баллдык жер титирөө катталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу төмөнкү жерлерде жайгашкан: Жаңы-Талап айылынан түштүк-батышка карай 7 чакырым, Баетово айылынан түндүккө карай 18 чакырым, Нарын шаарынан батышка карай 88 чакырым.
Жер титирөө Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Байгончок, Үгүт, Көк-Жар, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 4,5 балл, Баетов, Жылан-Арык, 8-март айылдарында - 4 балл, Эмгек-Талаа, Достук, Шоро, Кош-Булак, Куланак айылдарында - 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга сезилген.
Эскерте кетсек, бүгүн, 12-майда эртең менен саат 7:33тө Нарын облусунун аймагында 4,5 баллдык жер титирөө катталган.