www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы акция өтүүдө. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жанында кыргыз бийлигине таасир этүү өтүнүчү менен пикет уюштурду.

Токтонасыров “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы мыйзамсыз деген пикирин билдирип, Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдин талкуусунан өтпөгөнүн белгиледи:

“Эмне үчүн өз мөөнөтүн узартып алган легитимсиз Жогорку Кеңеш өлкөнүн Баш мыйзамынын долбоорун элден жашырат? Конституция – бул жалпы коомдук келишим. Биз ЕККУга мүчөбүз да. Эмне үчүн ЕККУ мындай башаламандыкка көңүл бурбай отурат? ЕККУ Кыргызстандагы ушул кыйчалыш абалга көңүл буруп, башаламандыкка жол бербөөгө чакырып, моралдык жактан таасир көрсөтүүсүн чакырам”.

Токтонасыровдун билдирүүлөрүнө азырынча бийлик органдары жана ЕККУ өкүлчүлүгү расмий комментарий бере элек.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган, бирок айрым депутаттар ал долбоорду көрбөгөнүн айтышкан. Долбоорду талкуулоо үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Жаңы Баш мыйзамды кескин сындап чыккан саясатчылар, юристтер жана активисттер ал кеңешменин курамына кирген эмес.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 2,5 айдан ашык иштеген топтун миссиясы аяктаганын 3-февралда билдирип, “Талкуу ачык болду. Талаш-тартыштар болду. Мен кемчилиги жок деп айтпайм. Бирок бардыгынын оюн уктук” деп айткан.

4-февралда президент Садыр Жапаров Telegram каналына жарыялаган билдирүүсүндө “Жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынат, алардын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болуп, жаңы таза, кесипкөй кадрлар дыкат сынактан өтүп келүүсү мыйзам чегинде гана жүрөт” деп билдирген.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан жаңы чакырылыш шайлана элек. Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары мөөнөтү өтсө да ишин улантып жатышын мыйзамдуу деп эсептешет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости