www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун сегиз орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган кызмат орундары аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин алкагында түзүлгөнү айтылат. Анда эки биринчи орун басар, алты орун басар дайындалган.

Биринчи орун басары — Мукашев Кыялбек Белекович;

Биринчи орун басары — Иманалиев Данияр Шаршенбекович;

Орун басары — Алиев Бекболот Абдыганыевич;

Орун басары — Ахматов Султан Маматович;

Орун басары — Алишеров Эльдар Туралиевич;

Орун басары — Байгончоков Мирланбек Конушбекович;

Орун басары — Рысалиев Сейит Максутович;

Орун басары — Шаршеев Айдин Омуралиевич;

Борбордук казынанын директору — Нарманбетов Садырбек Жаныбекович.

Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы түзүмүндө мурдагы Экономика менен Финансы министрликтери бириктирилип, Экономика жана финансы министрлиги негизделген. Ошондой эле анын курамына Салык кызматы, Бажы кызматы, Финансы полициясы, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы, Финансылык чалгындоо кызматы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги дал ушул министрликтин карамагына өткөн.

Мунун башында турган министрге вице-премьер макамы берилген. Ал өлкөнүн бардык киреше булагына жооп берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости