www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уурулукка шектелип кыз менен бала кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип кыз менен бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 14-февралында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын жараны арыз менен кайрылган. Арызда 13-февраль күнү саат 19:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта "Стронг" спорт комплексинин жанынан белгисиз жарандар темир люкту уурдап, из жашырып кетишкенин айтып, арыз жазган.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 19-февралында Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 14:30 чамасында Дордой базарындагы соода контейнерлеринин биринен 12 миң 500 сомдук уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, аларга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 1991-жылы туулган Н.А. жана 1997-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми Свердлов райондук соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости