www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшанын Евробиримдикке кирген өлкөлөргө улуттук валюталарды колдонууга кайра кайтып келүүсүнө уруксат берүү сунушу жана Варшаванын еврого өткүсү келбегени Евробиримдиктин ыдырашына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине россиялык экономист Денис Перепелица билдиргенин РИА Новости жазды.

Эксперттин пикиринде, Польшанын Германияга мамилеси, тагыраагы, польшалык саясатчылардын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жоготкон аймактарды кайтаруу чакырыктары биримдиктин бузулушуна алып келиши ыктымал.

"Мындан тышкары, коронавирус пандемиясынан кийин улуттук кызыкчылыктарды Евробиримдиктен өйдө койгон партиялар күч алган. Айрым мамлекеттердин саясаты биримдиктин багыты менен шайкеш келбей калды", — деген Перепелица.

Ал Улуу Британиядан кийин Евробиримдиктен калкынын, өкмөтүнүн консервативдик көз карашынан улам Польша жана Венгрия чыгышы мүмкүн экенин кошумчалаган. Бул биримдиктин тарашына же кыскартылган курамда кайра түзүлүшүнө алып келиши ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости