www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-апрелде Биринчи Май райондук сотунда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Жабыркаган тараптын жактоочусу судьяга жабырлануучу АКШда экенин жана отурумга катыша албастыгын билдирген.

"Менин кардарым соттук отурумдан качпайт. Ал АКШга кеткен. Бишкекте болгондо өзү келмек", — деп түшүндүрдү ал.

Соттук отурумда Бейшеналиев күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, андан кийин эки айга камакка алынган.

ИИМдин маалыматы боюнча, анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу фактысына байланыштуу. Бейшеналиев кармалгандан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, ал пара катары алган 37,5 миң долларды, кийинчерээк 62,5 миң долларды кайтарып бергени кабарланган.

ИИМ Бейшеналиевдин пара менен кармалды деген видеосун чыгарган. 3-октябрда Бейшеналиев министр кызматынан алынган.

Ошол эле учурда, мурунку министр күнөөсү жок экендигин, «пара» деп айтылган акча билим берүү тармагындагы долбоор үчүн тартылган инвестициялык каражат экенин билдирген.

18-октябрда мурдагы министр үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости