www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда президент Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук кеңешчиси Айдар Халиков өзүнүн социалдык баракчасында байма бай ар кандай билдирүүлөрдү таратууда. Ал, түз эфиринин биринде президенттин жакын адамдарынын бири Манап Мырза тууралуу дагы саймедиреген. Манап мырза, NazarNews маалымат агенттигине кайрылып Айдар Халиков тууралуу пикирин билдирди.
—— Манап мырза, саламатсызбы. Президент Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук кеңешчиси Айдар Халиковдун айткандары тууралуу токтоло кетсеңиз?
—— «Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле» же саясатчы Азимбек Бекназаров айткандай «Айтпайын десем да айттырасыңар да» дегендей айтышка туура келип калды. Антпесе, Айдар Халиков чектен ашып кетти.
Учурдан пайдаланып алгач ушул жерден Халиковго кайрылуу жасап кетейинчи:
Айдар мырза, Садыр Нуркожоевич мен билгенден бир дагы “Мекенчилге” сизге жардам бергендей жардам берген жок. Берсе азыраактан бергендир, мен башкаларды айта албайм.
Сизди жеке өзүм ээрчитип барып, жардам берген учурларын тактап кетейин. Нооманжан Аркабаев экөөңүздөр менен киргенибизде сиздерге президент атайын фондунан 8 000 АКШ доллар акчалай жардам берген. Көп өтпөй жарым жылдан кийин дагы келдиңиз, «Баламды үйлөндүргөнү жатам, жардам бергиле» деп. Садыр Нуркожоевич, «макул, ме балаңды үйлөндүрүп ал, бактылуу болсун» деп, дагы 10 000 АКШ доллар берди.
Ал тургай, “коомдук жардамчы” деген күбөлүк тапшырды. “Шифер менен иштейм” деп, лицензия сурадыңыз эле аны да алып берди. Өзбекстандан жакшынакай эле шифер ташып бизнес кылып аттыңыз. Көп өтпөй пендечилик кылып “президенттин жардамчысымын” деп, күбөлүгүңүздү көрсөтүп, эч кимди укпай Бажы акысын төлөбөй, бейбаштык кылып контрабанда ташый баштадыңыз. Мындай терс кадамдарыңызды чек арачылар менен бажычылар тастыктап беришет. Жогоркудагы кадамдарыңыз президентке жетип калып, баарыбыздын күбөлүгүбүздү артка чакыртып алып койду.
Ал учурда мен дагы сиз сыяктуу коомдук жардамчысы элем. Сиздин жеке күбөлүк таарыныч болуп калганы менен жыйынтыгында президент Садыр Нуркожоевич 10-15 жардамчыны жокко чыгарганын расмий айтып, Кыргызстанга жар салганын баары эле билет.
Президент: - Мага коомдук жардамчы, коомдук кеңешчи керек эмес экен.
Күбөлүгүңөрдү жеке кызыкчылыгыңарга пайдаланат экенсиңер, - деп айтканы эсиңизде болсо керек.
Тилекке каршы, сиздин айыңыздан коомдук жардамчылар менен коомдук кеңешчилер баарыбыз күбөлүктөн айрылганбыз.
Ачыгын айтканда контрабанда ташысаңыз президент сиз эмес, өзүнүн инисин деле камап койду эле го?
Эми эркектей болбой, качып кетип, чет өлкөдө олтуруп алып калптарды койгулаштырып соцтармактардан тынбай кайрылып жатасыз. Эсиңиздеби, сиз президент менен жолукканда жаныңызда күбө катары олтурганмын, акча менен күбөлүккө таарынып аша чаап кеттиңиз. Бул кадамыңыз адамдык сапат эмес, эркекчиликке жатпайт. Айткан калптарыңызга өзүңүз ишенбесеңиз, башка кишилер ишенбейт деле болсо керек. Өзүңүз эле уят болуп жатасыз. Андан көрө, “ак чөп башта” деп, күнөөлөрүңүзгө баш ийип, куруңузду мойнуңузга салып кечирим сурап келе бериңиз. Президент Садыр Нуркожоевич кечиримдүү, камабайт деле болсо керек.
Таза иштесеңиз, жеке кызыкчылыкка алдырбасаңыз азыр деле бул жакта төбөңүз көккө жетип бизнесиңизди өнүктүрүп жүрө берет элеңиз. Чукул арада байышым керек деген “аппетитиңиз” ачылып кетип өзүңүз жаңылдыңыз, оркойгон кемчилик өзүңүздөн кетти. Мен сизден суранат элем, жеке таарынычты саясатка айландыруунун кажети жок.
—— Манап мырза, Халиковду жакындан тааныйсызбы?
—— Ооба. Тилекке каршы, ал кишинин адамдарга болгон мамилеси, оройлугу бар. Калыс адам катары айтайын, КР Президенти Садыр Жапаров Айдар Халиковдун терс мүнөздөрүнө жакшы эле сабыр кылды. Сиз деле ойлоп көрүңүз, Айдар Халиковго бизнес ачып берди, мүмкүнчүлүк жаратты, бирок аны үй-бүлөөсү менен бакканга президент милдеттүү эмес болсо керек. Бул кишинин акыркы учурдагы жазгандары акылга сыйбаган көрүнүш, адамдык сапатка туура келбейт.
—— Халиков эмнеге мамлекеттен чыгып кетти?
—— Жогоруда атап өттүм, жеке таарыныч. Халиковду эч ким мамлекеттен кууган жок! Өзү качып кетти! Өзү таарынып жатат! Ар нерсенин чеги бар, чет мамлекетте далдайып жатып алып, калайык калкка калп айтканы туура эмес. Адам өзү деле коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип койгону жакшы. Тилекке каршы, Айдар Халиков социалдык баракчасында калп айтканды милдет кылып алды.
Кыргызда сөз бар эмеспи, “ алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр” демекчи, чет өлкөгө чыгып кетип “баатыр” болгону такыр туура эмес.
—— Рахмат.
Булак: NazarNews.kg