www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-чиновниктин тергөө иштери аяктады.
"Тергөө Алмазбек Бейшеналиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча айып койгон. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда алдын ала соттук отурум жабык эшик артында өттү. Ачык режимдеги биринчи жолугушуу 18-апрелге пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында 110 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн акча талап кылган. Кылмыш ишин тергөө учурунда мурдагы аткаминер өз ыктыяры менен келтирилген зыяндын ордун толтуруп, үй камагына чыгарылган.