www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр 3 жылга эркинен ажыратылды

Мьянманын хунта көзөмөлдөгөн соту бийликтен кулатылган премьер-министр Аун Сан Су Чжини 2020-жылдагы шайлоодо добуштарды бурмалаган деген айып менен кошумча үч жылга түрмөгө жана оор жумушка кескенин кечээ, 2-сентябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кулатылган жарандык өкмөттүн эки мартабалуу мүчөсү да ушундай эле жазага тартылган.

Демократия үчүн улуттук лиганын (DML) лидери, 1991-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 77 жаштагы Су Чинин соту жабык эшик артында өтүүдө. Ал буга чейин коррупция, козголоң уюштуруу жана пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү бузуу сыяктуу башка айыптар менен 17 жылга эркинен ажыратылган. Саясатчы өзү бардык айыптарды четке кагып, куру сөз деп атайт. Су Чи бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Аун Сан Су Чжи төрт коррупция боюнча айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 2017-жылы Аун Сан Су Чжи 1 миллион 400 миңден ашуун рохинжа мусулмандарын өлкөдөн чыгарууга аракет кылган, ал тургай геноцид кылган деп айыпталган.

Ага карата мындай айыптоолор бир нече абройлуу эл аралык укук уюмдары жүргүзгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында коюлган. Массалык киши өлтүрүүлөрдөн кийин Аун Сан Су Чи БУУнун трибунасында сөз сүйлөп, өзүнө коюлган бардык айыптарды актоого аракет кылган.

Маалымат үчүн айта кетсек, “Саясий туткундарга жардам коомунун” маалыматы боюнча, былтыр февраль айында башталган төңкөрүш учурунда өлкө боюнча 10 миң 600 адам камакка алынып, демонстранттардын арасында 1 миң 303 адам набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости