www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактарда айтылып жатат.  

Маалыматка караганда, Жээнбеков үй-бүлөсү менен кечээ Кыргызстандан Турцияга “Манас” аба майданынан учуп кеткен.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрындагы балашамандык үчүн жоопко тартуу боюнча арызды УКМК жана ИИМге жибергени айтылган.

Маалыматка караганда, октябрь окуяларында жабыркагандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикменин өкүлдөрү «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартып, экс-президент деген макамынан ажыратууну талап кылууда.

Ал эми УКМК жана ИИМ арыз түшө электигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости