www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта резонанс жараткан экс-судья Эмилбек Мамытов жана анын уулу Мырзабек Эмильбеков боюнча Октябрь райондук сотунун (судья Исажанов К.С.) чечими коопсуздук жана сот адилеттиги боюнча олуттуу суроолорду жаратты.
Айыпталуучулар Мамытов Э.Н. жана анын уулу Эмильбеков М.Э. жасаган аракеттерине берилген жаза алардын кылмышынын оордугуна шайкеш келбей турганы айтылууда. Биринчи инстанцияда Мамытов күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга кесилген. Бирок иш материалдары боюнча бул кылмыш алдын ала пландалган, өзгөчө оор мүнөздө экени эске алынган эмес.
Тактап айтканда, Мамытов жабырлануучуга болгон 112 млн сомдон ашык карыздан кутулуу максатында анын өмүрүнө кол салууну уюштурууга аракет кылган. Ал жаза өтөп жаткан учурда эле «аткаруучу» издеп, 30 миң АКШ доллары сунуштаганы айтылат. Бул жөн гана ниет эмес, ишке ашырууга багытталган конкреттүү аракет болгон.
ИИМдин ГУУР оперативдик маалыматына ылайык, кылмыш жол кырсыгы аркылуу ишке ашырылмак. Бул бир гана жабырлануучуга эмес, анын айланасындагыларга да коркунуч жаратмак.
Маанилүү жагдай – Мамытовдун мурда эки жолу соттолгону. Ал мурда ири алдамчылык жана сот чечимдерин аткарбоо боюнча жоопко тартылган. Ошого карабастан, жаңы оор кылмышты пландаганы анын оңолбогонун көрсөтөт.
Уулу Мырзабек Эмильбеков боюнча да суроолор бар. Сот аны жоопкерчиликтен бошотуп, жеңилирээк баа берген. Бирок иште ал акча которуп, байланыш түзүп, кылмышты ишке ашырууга түздөн-түз көмөк көрсөткөнү айтылат.
Мындан улам Октябрь райондук прокуратурасы соттун чечимине макул болбостон, Эмилбек Мамытовдун жазадан кутулуп кеткен баласы Мырзабек Эмилбековду эркинен ажыратуу тууралуу Бишкек шаардык сотуна доо арыз келтирген. Мурун прокуратура М.Эмилбековду 12 жылга эркинен ажыратылсын деп суранган.
Жабырлануучу тарап да анын мурдагы зомбулук аракеттерин белгилейт. Ошондуктан анын коом үчүн кооптуулугу жогору деп бааланууда.
Ырасында, ИИМдин ГУУР кызматкерлери адам өлтүрүүнү алдын алып калган баатырлар десек жарашат. Алар адамдын өмүрүн сактап калышканы үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыктуу. Бирок Октябрь райондук соту алардын бул баатырдык эмгегин «шектүү» чечими менен баасын түшүрүп койду! Болбосо айыпталуучу Эмильбеков сотко судья К.С. Исажановга “кепилдик” бериптирби, мындан ары ал жабырлануучуну өлтүрбөйм деп?!
Андыктан, коомчулуктагы көтөрүлгөн негизги суроо – адилеттүүлүк. Эгер мындай иштерге жеңил жаза бериле берсе, бул келечекте кооптуу прецедент жаратышы мүмкүн деген пикирлер күч. Ошондуктан жазаны кайра карап, күчөтүү талабы коомдук коопсуздук жана мыйзам үстөмдүгү үчүн маанилүү деп эсептелет.