www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камшат Жолдыбаева- казак эстрадасында өнөр көрсөтүп, калктын сүйүктүүсүнө айланган ырчы, актриса жана теле алып баруучу. Камшаттын өзүнө окшоп, анын артынан ырчы болгусу келип жүргөн жаш таланттарга берээр кеңеши менен көрсөтөөр багыты барбы? Назарыңыздарга ырчы айым менен болгон маекти сунуштайбыз!

- Салам, Камшат! Сизге тойдо ырдаган жагабы же эстрада сахнасында жүргөн жагабы?

- Мен той, сахна деп бөлбөйм. Тойдо, сахнада болсун ырга өзүмдү арнап, бийлегенге аракет кылам. Элдин көңүлүнө жагууну биринчи орунга койгон ырчымын.

- Келишимдүү келбетиңизди сактоо үчүн эмне кыласыз?

- Таң эрте туруп спорт менен күндө машыгууга мүмкүнчүлүк болбойт. Бир мезгилде бардык убакытымды мен бийге арнаган болсом, бир кезде залга арнагам. Бардык нерсе менен алек болуп мен бир жыйынтыкка келдим. Эмнени гана жасаба анын баары ден-соолукка байланыштуу нерсе экен. Мисалы, адам абдан сулуу, келишимдүү болгусу келсе, ден-соолугун чындап, көп аракет кылса максатына жетет. Көпчүлүк адамдар куурулган тамак, нан, майлуу азыктардан баш тарта алышса, мен таттуулардан баш тарта албайм.

- Чыгармачылык жаатта алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?

- Башкалардан өзгөчө болгум келет. Мен укмуш ырчы болом деп айта албайм. Алдыга койгон максаттарымдан үмүтүм зор. Ал үчүн тынбай эмгекнүүм керек. Көп ырларды жаздырып, сапаттуу клиптерди тарткым келет. Чыгармачылык багытты ар дайым өзгөртүп, жаңы долбоорлордон көрүнүүгө тырышам.

- Бош убактыңызда эмне менен алек болгонду жактырасыз?

- Китеп окууга абдан кызыгам. Болочокто китеп жазып, элге тартуулагым келет. Замандын талабына жараша туура тамактануу, спорт, сулуулукту сактоо туурасында китептер бизде жок сыяктуу. Китептердин баардыгы орус тилинде. Мына ушул нерсе менен алектенген мага абдан жагат.

- Адамдардын көрө албастык касиетинен кантип арыласыз? Бирөөнүн ачуу сөзүн көтөрө аласызбы?

- Инстаграмды айтып жатасызбы? Туура, ачуу, чындыкка дал келбеген сөздөр көп. Алар менен эч качан күрөшпөйм. Эгер адам агынан жарылып, жакшы тилектерин билдирип жатса рахмат деп ыраазы болом. Алардын мени жакшы көрүп жатканын сезем. Баракчама кирсеңиз барактап олтуруп түрлүү пикирлерди окууга болот. Жагымсыз пикир жазган адамдар өз ою менен өзү түйшүк тартып жатат деп ойлойм. Мен эч кимди тарбиялап, өзгөрткүм келбейт. Ар ким өз өмүрүн ойлошу керек деп эсептейм.

- Сизди туурап, ырчы болгусу келген жаш таланттарга бир, эки айтаар сөзүңүз барбы?

- Адам баласы жаңы нерседен корко турганы баарыбызга белгилүү. “Бул жумушту баштасам кандай болот? Тигил жакка барсам жүрө аламбы? Менин акылым жетеби? Мен кандай өмүр сүрөм” деген чеги жок суроолорду өзүбүзгө берип, кечке ойлонуп кыйналаарыбыз турган иш. Көп убактыбызды ойлонуп олтуруп өткөруп алабыз. Менин кеңешим биринчи иште, андан соң ойлоносуң. Баардык нерсеге чыдап, байкап көрүү керек. Бир орунда олтура берсек, эч нерсеге жетпейбиз деп ойлом.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости