www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПК мүчөсү Орозбек Нусувалиев “Мүлк” мамлекеттик мекемесине гендиректору болуп келгенче, “СЭЗ Бишкек“ жана “Учкун” ишканасында жетекчи болгон. “Мүлк” кызматка келери менен эки имаратты “Сапат бизнес борбору» жана “Караван” соода комплекси соттун чечими жок эле тартып алганын ММК жазып чыкты.

Ушундан уламбы, же чынбы, айтор, эл арасында; “Нусувалиев “Караванды” тартып алыптыр” деген кеп кетти. Бул маалыматты тактоо иретинде Орозбек мырзага телефон чалсак, мындай деди:

- Мен эмес, мамлекет алды да. Мамлекеттин карамагына өттү. Ага менин кандай тиешем бар? Эми ар ким өзүнүн деңгээлине жараша сүйлөп, жаза берет да.

 -Соттун чечими жок эле басып алуу канчалык мыйзамдуу деп ойлойсуз? -Эмнеге?

-Мыйзамдуу. Тээ 2013-жылы соттун чечими чыккан. Биз ошону ишке ашырдык.

Ошондогу соттун чечими боюнча тагыраак маалымат алалы, дегеле “Мүлк” мамлекеттик мекеме боюнча кенен маек куралы” десек, шашып жатканын айтып, трубканы коюп койду.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан “Караван» соода комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына, Мүлк мамлекеттик ишканасынын балансына өткөнүн 2017-жылдын 25-апрелинде аталган мекеме кабарлаган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости