www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ернар Айдардын ырлары, ысымынан мурун коомчулукка таанымал. Үч жылдын ичинде 300 ашуун ыр жаздырып, бир нече клип тарттырып, жаш ырчылардын арасында рекорд коюп, тез убактын ичинде атактуулукка жетип, ар бир концертин аншлаг менен өткөргөн Казакстандык ырчы Ернар Айдар бүгүн, NazarNews.kg маалымат агенттигине сырын төктү. Маек учурунда Ернар өтө адамгерчиликтүү, позитивдүү, тамашөкөй жигит экенине күбө болдук. Анда, маекке назар салыңыздар!

- Саламатсыңбы, Ернар? Кыргызстандан сага чоң салам жолдойбуз!

- Саламатсыздарбы!? Кош келдиңиздер Алматага! Сиздер менен жолугушуп жатканыма кубанычтамын. Толкунданып да турам.

- Кыргызстанда болгонсуңбу?

- Тилекке каршы жок... Бир туугандай болгон бизге абдан жакын мамлекет Кыргызстан жөнүндө көп нерсени билем. Бирок, барып көрө албай жүрөм. Сиздерде популярдуу ырчы Нурлан Насипти жакшы тааныйм, чыгармачылык байланышта болуп жүрөм. Ошол жигиттин чакыруусу менен буюрса барып көрүп келем деген ниеттемин. Менден мурун, менин маегим жетет окшойт J

- Сенин ырларың кыргыз элинде көп жаңырат. Кыргызчага которулуп, ырдалып жүргөндөрүн да угуп калдым...

- Ооба, социалдык тармактардан мага ыраазычылык айтып, салам жолдоп турган Кыргызстандагы күйөрмандарым бар. Аларга абдан ыраазымын! Ал эми менин ырларым жаңырып турганы мени албетте сүйүнтөт. Бирок, кыргызчага которулуп ырдалганында маселе бар. Менден уруксаат сурабай, которуп жүргөн ырчылар бар.

- Эки элге таанылып, атактуу ырчы болуп калууңа эмне түрткү болду? Сени базарда соода-сатык кылып, пластикалык эшик терезе бизнеси менен алек болгонуңдан кабарым бар...

- Туура айтасыз. Мунун баары чындык. Соода-сатык менен алек болуп, базарда олтургам. Бирок, музыкалык билим алып, талантым жар бербей, сахнага келишиме да көп адамдар түрткү болду. Учурда элиме кызмат кылып, батасын алып жүргөнүмө ыраазымын!

- Азыр эмненин үстүнөн кызуу иштеп жатасың?

- Эгер адам айтса, айтканын аткарса, баардыгына жетишсе салыштырмалуу иштин көптүгүн байкаса болот. Ким бийиктикке жетишкиси келсе, анын токтолууга укугу жок. Чексиз билим жана ар дайым окуу керек. Мисалы, эгер адам өзүнө жаккан кесипти тандаса, анда ал ар тараптан билим алуусу керек. Менин жашоодогу позициям адам жана профессионал катары өсүү.

- “Билим алуу керек” деп калдың. Көп китеп окуйт окшойсуң?

- Мен китеп окуганды жана жакшы тасмаларды көргөндү жактырам. “Абайдын жолдору” аттуу китептин төрт томун окуп бүттүм. Мен көбүнчө өзүбүздүн тарыхыбызды таанып билгим келет, ошондуктан тарыхый китептерге кызыгам.

- Том кылып китеп окусаң, тыгыз графигиңе убакыт жетеби?

- Эгер адам кааласа, эмнеге болбосун ар дайым убакыт тапса болот.

- Сага эмне эргүү берет?

- Мага искусство, өзүм алектенген ишиме болгон сүйүүм эргүү берет. Менин оюмча ар бир күнү ишке сүйүү менен мамиле кылуу керек.

- Сендей ырчы кумир тутабы?

- Бала чагымдан менин кумирим Мейрамбек Беспаев. Бүгүнкү күндө да ал инсандын чыгармачылыгын абдан баалайм жана ырларын сүйүп тыңдайм. Мындан сырткары менден улуу чыгармачыл инсандардын баардыгынын чыгармачылыгын сыйлайм.

- Сага насаатын айткан устатың барбы?

- Чыгармачылыктагы улуу инсандар ар дайым мага жолуккан сайын өзүлөрүнүн кеп-кеңештерин берип, акыл айтып турушат. “Ернар, сен муну жаса. Ернар, жакшыраак мындай болот” деп көп айтышат. “Музарт” тобунун солисти Сакен ага мага вокалдан сабак берет, Мейрамбек ага болсо өзүмдү сахнада кандай кармап жүрүү экенимди түшүндүрөт. Мен баарын сыйлайм, продюсерим Талгат Айдар баарына көз салып турат, ал эми мугалимим Куаныш Курманбаев мени сахнага даярдайт.

- Сенде продюсер болуу тууралуу ойлор болду беле?

- Жок, мен азырынча жашмын. Агаларым жетишкен ийгиликтерге жетише элекмин. Мени азыркы күнгө чейин көп сындашат, ошондуктан көп устаттарымдан көп сабак алам. Мен өзүм менен көбүрөөк иштөөм зарыл. 

- Сындарга кандай карайсың?

- Мен сахнага чыкканы сындар аябай көп айтылган, өзгөчө чыгармачылыгымдын башталышында. Мен буга кандай карайм? Бардык сынга позитивдүү карайм.

- Азамат! Эми жеке жашооңо келсек, 25 жашка келип калыпсың. Үйлөнүү тууралуу ойлор барбы же үй-бүлөң барбы?

- Бойдок жигитмин. Жүрөк бош. Учурда издөөдөмүн. Көпчүлүк учурда убакыттын тардыгынан жеке жашоомду унутта калтырып коём.

Эске сала кетсек Ернар Айдар Казакстандагы эң бай ырчылардын катарын толуктайт.

Аруужан БулекбаеваNazarNews.kg

Последние новости