www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда чыгармачылык менен кызуу эмгектенип Улуттук Филармониянын булбул үндүү ырчысына айланган ырчы Аяна Касымова жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр боюнча суроолорго жооп берди.

- Аяна, жайкы эс алуу күндөрүң кандай өтүп жатат?

- Азырынча чыгармачылык, концерттер менен алек болуп жатам. 

- Кайсы өлкөдө эс алууну каалайсың?

- Испания, Япония жана Мальдив аралына барып эс алгым келет.

- Үйлүү болдуң эле. Ата-энеңден бөлүнүп жашап жатасыңбы?

- Үйдүн оңдоп-түзөө иштери бүтүп, ата-энемден бөлүнүп жашап жатканыма бир нече ай болду.

- Ажырашуудан соң өз калыбыңа кантип келдиң?

- Менде баары абдан сонун. Иштеп, өнүгүп, жакындарым менен убакыт өткөрүп жатам.

- Алдыда кандай пландарың бар? 

- Бир айлык планым бар. Жаңы ыр жаздырып, клип тартып жарыкка чыгаруум керек. 

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын март айында Аяна Касымованын туулган күнүндө сүйүктүүсү колун сураган. Июнь айында кыз узатуу тою өтүп, көпкө узабай эки ажырым жолго түшүшкөн.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости