www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭКСКЛЮЗИВ: Ырчы Сайкал уулу тууралуу маек берди

Уулуна той өткөрүп кызуу талкууда болуп жаткан ырчы Сайкал менен чакан маек курдук. 

-Салам, Сайкал! Интернет желесине чуу салып, чоң жаңылык менен бөлүштүң. Алдын ала пландалганбы?

-- Саламатсыздарбы! Жеке жашоом мынчалык чуу салат деп ойлогон эмесмин. Жаңылык менен бөлүшүү чоң план болгон деп айта албайм. Буюрган күнү бөлүштүк.

-- Той кандай өттү?

-- Уулума арналган той биздин ойдогудай өттү. Бардык жакындарыбызды чакырып бата алдык. Бул эң башкысы.

-- Уулуң тууралуу айтып берсең?

-- Уулумдун аты Амантур. Эки жарым жашка чыкты. Уулум төрөлгөндөн бери эле апам экөөбүз багып, чоңойтуп жатабыз. Амантур мага бакыт, апама чексиз кубаныч тартуулады. Иним Эркин каза болгондон тарта апам экөөбүз жалгызсырап, күндөр кызыксыз өтүп кыйналганбыз. Амантур жаныбызда болгондон тарта маанайыбыз көтөрүлүп, күлкү шаң орун алды. Күн өткөн сайын таттуу кылыктары чыгып эзилип эле жатабыз. Тили дагы чыгып мени “мама” дейт. Өзүм кичинекей балдарга абдан жакын болчумун. Курбуларымдын, жакындарымдын балдарына суктанып, эркелетип ойнотчу элем. Азыр өз баламды эркелетип жатам. Бул бир башкача сезим. Сөз менен жеткире албайм.

-- Өзүң Бишкекте турасың ээ?

-- Ооба. Азыркы тапта Ош шаарында баламдын тоюн өткөрүүгө келгем. Бир канча күн дагы баламдын жанында болом. Тез-тез каттап, баламдын маанайын көтөрүп күн сайын сүйлөшүп турам.

-- Жакшы экен. Бактылуу болушуңа биз дагы тилектешпиз!

-- Чоң рахмат! Айтканыңыздар келсин! Эң башкысы элимдин айткан баталары уулума тийсин! Мени колдоп турган жакындарыма, элиме дагы ыраазымын!

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости