www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдогандын жеңиши Түркиянын Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу аракетин эки эсеге көбөйтүшү мүмкүн. Мындай божомолду Каспий мейкиндик талдоо борборунун жетекчиси, экономика илимдеринин доктору, Түркиядагы адиси Ильгар Велизаде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Кечээ, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы Ахмет Йенер 99,73% урнадан бюллетендерди иштетүүнүн жыйынтыгында Эрдоган 52% добуш алып, жеңишке жетишкенин билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы расмий түрдө 1-июнда чыгарылат.

Велизаденин ишениминде, Түркиянын Украина боюнча позициясы балким өзгөрбөйт, башкача айтканда, Анкара тараптарды жараштырып, сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу аракетин улантат. Башка потенциалдуу ортомчулардын аракеттерин активдештирүү фонунда Түркия Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу аракетин дагы эки эсеге көбөйтүүсү мүмкүн. Биринчиден, кеп Кытай жөнүндө болуп жатат, деп белгиледи эксперт.

Ал Эрдогандын жеңишинен кийин түрк-америкалык мамилелердин вектору олуттуу өзгөрүүгө дуушар болбой турганын кошумчалады. Агенттиктин маектеши Түркия бийлик алмашуу, башкача айтканда, 2024-жылдагы президенттик шайлоодо республикачылар жеңишке жетишүү үмүтү менен Вашингтон менен туруктуу диалогду артык көрөт деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости