www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунда аялын көчөдөн аёсуз сабап өлтүрүүгө шектелген адам эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу “Сезим” кризисттик борборуна киши колдуу болгон келиндин бир туугандары нараазы болуп кайрылышкан.

Маалыматка караганда, иш 26-май күнү Ысык-Көл райондук сотунда каралып, 44 жаштагы аялын мыкаачылык менен уруп өлтүргөн деп айыпталган К.Ш. аттуу жаран сот залынан бошотулган.

Мамлекеттик айыптоочу К.Ш.га 10 жыл жаза мөөнөтүн чектегенине карабай, сот эки-үч ирет өткөрүлгөн соттук-психолого-психиатриялык экспертизалардын жыйынтыгына таянып, аны сот залынан бошотуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин жабырлануучу тарап айыпталуучу жазадан качуу аракетин көрүп жатканын билдирген. Маркумдун сиңдиси билдиргендей, окуя 2022-жылдын 9-май күнү Бостери айылында болгон. Мамытов көчөсүндө анын эжеси күйөөсү тарабынан аёсуз сабалып, эки күндөн кийин ооруканада каза болгон. Жубайлар 26 жыл бирге жашап, үч баланы багып чоңойтушкан.

Киши колдуу болгон С.Т. аттуу келиндин өлүмү боюнча күйөөсү кармалган. Иш Ысык-Көл райондук сотунда каралып жаткан.

“9-май күнү эжемдин уулу телефон чалып, ”апам оор абалда ооруканага түштү” дегенинен барсак, башы-көзүнөн тамтык жок, эс учунан танып жатыптыр. Керектүү дарыларын алып берип, сарсанаа болуп турдук. Бишкектен дарыгерлер келип, башына операция жасоо үчүн  ачканда, мээси агып калганын айтышты. Эжем эртеси таңга маал үзүлдү.

Күйөөсү буга чейин эле эжемди сабап жүрчү. Өзү Чолпон-Атадагы банкта башкы бухгалтер болуп иштегени менен ичкен сайын ызы-чуу чыгарып, эжемдин денесине далай залал келтирген. Беш жыл ажырашып жүрүштү. Балдар чоңойгондо кол көтөргөнүн коёр, үйлөнгүдөй болгондо уялар деп кайра жарашканына аз эле болгон.

Соттук-медициналык экспертиза эжемдин өлүмү катуу соккунун кесепетинен, мээнин жумшак жана катуу чел кабыгына кан таамп кеткендигинен каза болгондугун көрсөткөн. Зөөкүр арак ичип, муштуму менен бетке-башка уруп, жерге жыгып, буту менен башка тепкилеп, эсин жоготкондо да, токтотпостон, сабаганын уланткан.

Бул кылмыш боюнча далилдер топтолуп, соттук психолого-психиатриялык экспертизанын комиссиясы жездемдин эч кандай психикалык илдет менен оорубагандыгын, кылмышты эс акылы менен эле жасагандыгын аныктаган”, — дейт маркумдун бир тууган сиңдиси.

Ал белгилегендей, учурда айыпкер жана анын жактоочулары ар кандай амалдар менен жазадан кутулуунун аргасын кылып жатышат.

“Жогорудагы экспертизага ишеним кылбай, экинчи жолу да экспертиза жасатышты.  Психолог-эксперт Ю. Сабитова “кылмышты аффект абалында жасаган” деп айтып чыкты. Мунусуна ким ишенет? Аффект — адам катуу толкундангандан өзүнүн эмне кылганын билбей калчу абалда болот эмеспи? Бул болсо атайын эле, акыл-эси жайында, эмне кылып жатканын билип туруп эле сабаган. Ошондон кийин эжемди эстен танып калганча уруп, тез жардам кызматын чакырбай койгон. Денесинин тамтыгы жок, башынан бутуна чейин жарааттар бар экенин экспертизанын жыйынтыгы далилдеген”, — деп билдирди бир тууганы.

Анын айтымында, айыпталуучу жазадан кутулуу амалын көрүп жатат.

“Ага тиешелүү жаза берилбесе мындай зөөкүрдүк мындан ары да кайталана бериши мүмкүн. Ошондуктан зомбулуктун курмандыгы болгон эжебиздин өлүмүнө байланышкан иш боюнча адилеттикке жетүүгө көмөктөшүүнү суранабыз”, — деди маркумдун сиңдиси.

Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы окуянын чоо-жайын айтып, Бостери айылында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен жергиликтүү тургун кармалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости