www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде социалдык тармактар аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы О.М. аттуу жаран Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө кармалган.

Аталган жарандын социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, андагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында алынган материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” Аль-Исламий диний экстремисттик уюмдарына таандык экендиги аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости