www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киев тоталдык согуш логикасынан улам Запорожье АЭСинде өзөктүк апаат уюштурушу ыктымал. Бул тууралуу аскердик эксперт Евгений Норин "Украиной.ру" басылмасына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Ал өзөктүк станциянын конструкциясы бышык экенин айтып, бирок Украинанын максаттуу соккусу аны толугу менен кыйратышы мүмкүн экенин белгилеген.
"От менен ойнобо" дегендей атомдук станция менен "ойногондун" аягы жаман бүтүп калышы ыктымал. Украина тоталдык согуш логикасы менен бара жатат. Бирок булар кооптуу чекке келип калды. Биринчи өзөктүк катастрофаны баштан өткөргөндөр экинчисине барууга аракет кылып жатышат", — деген Норин.
Эксперт Батыштагы союздаштар Киевдин ЗАЭСтеги чагымчылыгын канча убакытка чейин колдой турганы белгисиз экенин айтып, алар болушу мүмкүн деген өзөктүк катастрофанын кесепетин дүйнө элинен жашыра албай турганын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg