www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчөлөрдү коронавируска каршы хлор кошулган каражаттар менен дезинфекциялоо - натыйжасыз чара. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова жазып чыкты.

«Өлкөдө хлор каражаттары жөнүндө коронавирустан көп сөз болуп жатат. Хлор каражаттары менен тазалоо - бир дагы коронавируска каршы бир дагы эпидемиологиялык чараларда, сунуштама жана колдонмолордо жок экенин канча жолу кайталоо керек?

Натыйжасыз чараларга миллиондогон, жүз миллиондогон акча коротуп жатышат/ Өлкөгө вирус кире электе шаарларды, көчөлөрдү, мектептер менен ашканаларды хлор менен жуугандын эмне кереги бар эле. Анын үстүнө азыр өлкө боюнча ооругандардын саны миңден бир аз эле ашык, бул мыйзам боюнча эпидемияга жатпайт да", - деп ал жазган.

Белгилей кетсек, Республикалык штабдын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан 10-майына чейин ӨКМ 39, 2 млн погондук автожолду дезинфекциялаган. Мындан сырткары, 44, 7 млн м2 аянт: имараттардын ичи- 8, 8 млн м2 жана имараттардын сырткы аймактарынан 25,9 млн м2 аянт тазаланган.

Булак: NazarNews.org
 

Последние новости